www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы кошумча төлөмдөрдү жана үстөк акыларды эске алуу менен болжол менен 40 миң сомго чейин жогорулады.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында маалымдалды.
Буга чейин социалдык кызматкерлердин орточо айлык акысы 12 миң сомдун тегерегинде болгон.
Айлык акыны жогорулатуу президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн.
Учурда республика боюнча 545 социалдык кызматкер эмгектенет. Бул бекитилген штаттык бирдиктердин 99 пайызын түзөт.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде социалдык кызматкерлер турмуштук оор кырдаалда турган 3,6 миң баланы аныкташкан.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында алардын 1 702си оор кырдаалдан чыгарылган.
Социалдык кызматкерлер калктын аялуу катмарларына жардам көрсөтүү, балдардын укуктарын коргоо жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен иш алып баруу багытында иш жүргүзүшөт.