www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Кырчын жайлоосунда 150 орундуу көчмө оорукана жайгаштырылат.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова радиолордун бириндеги түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, көчмө оорукана 25-августтан 7-сентябрга чейин иштеп, анда 60ка жакын медицина кызматкери нөөмөттө болот.
Көчмө госпиталда медициналык жардам көрсөтүү үчүн жугуштуу оорулар, кардиология жана хирургия бөлүмдөрү каралган. Ошондой эле 10 адамга ылайыкталган палаталар уюштурулат.
Ишенапысованын маалыматына караганда, Көчмөндөр оюндары маалында Кырчын жайлоосуна 1,5 миллионго чейин коноктор жана жергиликтүү тургундар келиши күтүлүүдө.
Медициналык жардамга кайрылган жарандардын абалына жараша алар Чолпон-Ата шаарындагы медициналык мекемелерге жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы да даяр турат. Зарыл болгон учурда жаракат алган бейтаптарды тик учак менен Бишкекке жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Айрыкча ат үстүндөгү мелдештер учурунда жаракат алуу коркунучу эске алынып, медициналык жардам көрсөтүүгө даярдык күчөтүлөт.