www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жайыт жерлердин 24% деградацияга учурады

Кыргызстанда жайыт жерлеринин 24 пайызы деградацияга учураганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 8 миллион 985 миң 813 гектар жайыт жери бар.

«Талдоо көрсөткөндөй, 1 миллион 808 миң гектар жайыт жери деградацияга учураган. Бул өзгөчө айылдарга жакын жайгашкан жайыттарга тиешелүү, анткени ал жерлер жыл бою активдүү пайдаланылып, мал көп топтолот. Ошол эле учурда алыскы жайыттар бүгүнкү күндө толук кандуу пайдаланылбай жатат», — деп белгиледи Мирбек Дүйшеев.

Ал кошумчалагандай, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жайыттарды өнүктүрүүнүн 2024-2029-жылдарга каралган программасы бар.

«2025-жылы 400 миң гектарга жакын жайыт жери калыбына келтирүүгө калтырылган, ал эми 2026-жылы 335 миң гектар жерди калтыруу пландалууда», — деди Мирбек Дүйшеев.

Последние новости