www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоп, атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айланып баратат. Бул тууралуу президенттик иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Президенттин Иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи контракт буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.

Бүгүн, 10-июнда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар ушул жаатта гана токтоп калбастан, башка тармактарда дагы “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

"Бул ири жетишкендик — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана саясий эрки менен мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын ачык далили.

Белгилей кетсек: мурда Кыргызстан өзүнүн биометрикалык паспортторун чет өлкөлөрдө — башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келген. Бүгүнкү күндө болсо, тескерисинче, Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоп, атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айланып баратат", - деп жазды Туманбаев.

Последние новости