www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталып, өлкө боюнча мектептер 1,5 миллионго жакын окуучуга эшигин ачты.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 1-класска 146 миң 852 окуучу кабыл алынды. Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабынын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү.

Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантат.

Учурда республика боюнча жалпы 2374 мектеп иштеп жатат. Анын 2132си мамлекеттик, 242си жеке менчик мектептер.

Мындан тышкары, өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат. Жаңы окуу жылына карата аларга электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынган.

Ошондой эле 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.
Жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда.

Анын ичинен 49 мектеп жана 7 бала бакча жаңыдан курулат. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 2 мектеп пайдаланууга берилет.

Жаңы окуу жылында өлкөдөгү билим берүү мекемелеринде окуучуларга сапаттуу билим алууга жана жаңы жетишкендиктерге жетишүүгө шарт түзүү максат кылынууда.

Последние новости