www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда өз ара аракеттенүүнү колдоп гана тим болбостон, бизден аскердик мамилелер чөйрөсүн ырааттуу түрдө кеңейтүүнү талап кылат.

Бул машыгуу бөлүкчөлөрдүн ыкташуу деңгээлин гана жогорулатпастан, күжүрмөн шериктештикти бекемдеп, дүйнөлүк коомчулукка пайда болгон коркунучтарга карата биздин мамлекеттердин жетекчилигинин бирдиктүү көз караштары бар экендигин көрсөтөт”,- деп баса белгиледи.

Андан соң Кыргызстандын коргоо ведомствосунун жетекчиси алдыдагы машыгуулар регионалдык коопсуздукту бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болот, биргелешкен аракеттердин аркасында биз алдыга коюлган милдеттерди аткарабыз деген ишенимин билдирип, машыгуунун бардык катышуучуларына ийгиликтерди каалды.

Андан ары машыгуунун жетекчиси – КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров машыгуунун мамлекеттик желектерин көтөрүүнү жарыялады.

Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин коштоосунда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик гимндерин аткаруу менен мамлекеттик туулар көтөрүлдү.

Ачылыш аземи ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгууларынын улуттук аскердик контингенттеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Маалымат үчүн: Машыгуу Жамааттык коопсуздуктун “Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү” темасында пландалып, үч этапта өткөрүлөт.

“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгууларына Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук аскердик контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.

Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.

Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Последние новости