www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жынысын эркектен аялга алмаштырган жаран расмий түрдө мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн ПИН-кодун өзгөртүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына арыз менен кайрылганын “Кызматтын” жетекчисинин орун басары Эрнес Досалиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде билдирген эле.

Бул маселе учурда коомдо кызуу талкууланып жатат. Анын айтымында, учурдагы мыйзамдарда мындай учур так каралбагандыктан, жаран мамлекеттик кызматтарды пайдалана албай калуу коркунучунда турат.

Өкмөт жогорку маселени тез арада чечүү үчүн ПИН берүү тартибин айрым учурларда өз токтому менен өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн мыйзамга киргизүүнү сунуштоодо.

Бул кадам бийликтин айтымында, жарандардын укуктарын коргоого жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.

Аталган окуя өлкө үчүн укуктук жана коомдук прецедент катары бааланууда.

Кыргызстанда Конституциялык деңгээлде ЛГБТ пропагандасына тыюу салынгандыктан, маселе коомдо курч талкуу жаратты.

Салттуу баалуулуктарды карманган топтор муну улуттук моралга коркунуч катары кабыл алса, либералдык көз караштагы уюмдар жарандык укуктарды сактоо зарылдыгын белгилешүүдө.

Эксперттер бул иш өкмөттү жана мамлекет башчысын мыйзамдык тактоолорду киргизүүгө мажбур кыларын белгилешет. Маселе келечекте эл аралык уюмдардын жана батыш өлкөлөрүнүн реакциясын да жаратышы мүмкүн.

Последние новости