www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда зордук-зхомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү борбор зомбулуктан жабыркаган аялдарга укуктук, психологиялык, социалдык жактан комплекстүү жардам көрсөтөт.

"Борборду түзүүгө жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топко Эмгек министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости