www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бардык мектеп-интернаттар текшерилет

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы бардык мектеп-интернаттарды текшерүү боюнча комиссия түзүлдү, деп билдирди билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев.

Ал бул тууралуу 6- мартта парламенттин жыйынында маалымдады. Анын айтымында, билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамда «интернат» деген түшүнүк жок. Учурда ченемдик укуктук актылар иштелип чыгууда.

«Жалал-Абад шаарында Эрматов атындагы мектеп-интернаты бар. Ал жакта соттун чечими менен канча бала окуп жатканын сурадык. Бир дагы бала окубайт экен. Анда жакын жерде жашаган же ата-энеси иштеген балдар окушат. Мыйзамда интернаттарда соттун чечими менен дайындалган балдар гана окушу керек деп жазылган», - деди Касымалиев.

Ал азыр интернаттарды кандай пайдалануу керектиги боюнча варианттар каралып жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости