www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Эл агартуунун отличниги, элдик дарыгер, «Келкел.кж» журналынын Түштүк боюнча редактору, Ноокат районун «Кара-Таш» айылынын аялдар кеңешинин төрайымы Ташбү Каразакова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбек Чотоновду мыйзам чегинде жазалап, ишти адилетүү карап берүүн талап кылып, арыз жазды.

Ташбү Каразакова бул арыз коомчулукка дагы залалын тийгизе турганын билдирди. «Жалпы кыргыз элине белгилүү болгон Өзбек Чотоновдун социалдык тармакта обу жок, орунсуз сөздөрүн көзөмөл кылып, Кылмыш-жаза кодексиндеги беренелерге таянып, Камчыбек Ташиев мыйзам чегинде жазага тартып берет деп ишенем.

Өзбек Чотонов менин Facebook баракчамдагы постума 2022-жыл 22-май күнү адамдын ар-намысына тийген уят сөздөр менен шылдыңдап жазган пикир калтырды. Чотоновдун мындай пикири Пайгамбар жашына келип калган эне катары мага өтө оор тийди.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, өзүн ажымын деп эсептеп, өзүн кадыр-барктуу инсан катары көрсөткөн инсандын, социалдык тармакта аброюма шек келтирген сөздөрү үчүн менин суранычымды эске алат деген ойдомун», - дейт Ташбү Разакова.

Эске сала кетсек, Өзбек Чотонов акыркы учурларда өзүнүн социалдык тармагынан динди пропаганда кылып, аялдарды шылдыңдап, мыйзамга туура келбеген көп аял алуу боюнча пикирин айтып, муну менен кошо мектептерге барып жаш кыздарга көз кырын салып келе жаткандыгы ачык айтылууда.

Ал тургай кыргыз кыздарын шылдыңдап, ачык жүргөндор же оронбогондор булар «жала.тар» деп ачык жаза баштаганын кантип бийлик органдары көзөмөлгө албай жатат? Бул көрүнүш эртең коомчулукту эки тараптуу тирешке алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости