www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев өз ишин мыкты билген саналуу жетекчилердин бири. Бирок кечээ айрым бир кошоматчы, аңгүдүк депутаттар Алиевди акылдарынын жетишинче жемелегенге аракет кылышты. Көбү маселенин маанисин түшүнбөй эле курулай популисттик кылып элге көрүнүп коюунун аракетинде болушту. Өзгөчө Балбак Түлөбаев жоругу күлкү келерлик болду.
Дегенибиз, 15-февралда Жогорку Кеңеште “Айрым мыйзам актыларына (“Социалдык фонд жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолгон бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Анан айтылуу Балбак Түлөбаев "Соцфонд бир миллиард сомго алтын сатып алды дейли аны кайда сактайт, ансыз да алтын батпай калды. Доллар сатып алса, курс түшүп кетсе эмне болот", - деген өңдүү аксак лооикасына таянып алып, жөнү жок эле Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевди жемелеп жатты.
Маселени түшүнбөй эле өзүнчө корооз болуп жаткан Балбак Түлөбаев, Алиевдин ордунда Ташиев болгондо" абдан туура кылып жатасыздар, мен колдойм" - деп маселени түшүнбөй эле колдоп чыкмак кошомат кылып. Ушундай өң карама кошоматчылар парламенттин аброюн кетирип бүтүрүштү.
Айткандай, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, орточо эсеп менен 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.
Азыркы учурда пенсиянын орточо өлчөмү бүгүнкү күндө 8 миң сом, мурда 6 миң сом болгон. Ал эми эң жогорку пенсия 186 100,3 сом. Аны бир эле адам алат. Ал 38 жыл мамлекеттик кызматта иштеп соцфондго 25 млн сом которгон экен.
Бүгүнкү күндө канча миң адам канча сомдон пенсия алышат?Соцфонддун төрагасы Алиевдин айтуусунда төмөнкү өлчөмдөгү пенсия алышат:
- 10-20 миң сом - 140 миңден ашык адам;
- 20-40 миң сом - 5 миңден ашык адам;
- 40-60 миң сом - 300дөн ашык адам;
- 60-80 миң сом - 60тан ашык адам;
- 80-100 миң сом - 20га жакын адам;
- 100-120 миң сом - 10го жакын адам.
- 186 миң сом бир адам.
Өлкө боюнча дээрлик 743 миң адам пенсия алат. Ошондо, калган 85% пенсионер 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин гана алышат десек болот.
Булак: NazarNews.kg