www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айынын башында Казакстанда башаламандык орун алганда Кыргызстандагы «Оптима Банк» менен «Халык Банктын» ишинде көйгөй жаралды.

Аталган банктардын Кыргызстанда кардары көп экенин белгилей кетүү керек.

Мисалы, «Оптима Банкта» 1300дөй кызматкер иштейт. Кыргызстанда 55тен ашуун филиалы бар. 330 миңден ашуун кардарды тейлейт.

«Оптима Банк» Кыргызстандагы ири банктардын катарына кирет. 2021-жылдын ноябрь айына карата кардарларынын депозити жана эсеби 50 млрд 205 млн сомду түзгөн.

Ал эми «Халык Банктын» Кыргызстанда 76 миңден ашуун кардары бар. 2021-жылдын 30-ноябрына карата кардарлардын эсеби 7 млрд 147 млн 564 миң сомду түзгөн.

«Халык Банк» менен «Оптима Банктын» ээлери ким?

«Халык Банктын» жалгыз акционери бар, ал — «Казакстандын элдик банкы» акционердик коому. «Казакстандын элдик банкы» Кыргызстандагы «Халык Банктын» 2 млн 400 миң 16 даана акциясына же башкача айтканда, добушка ээ 100% акциясына ээлик кылат.

«Казакстандын элдик банкынын» негизги акционери — «АЛМЭКС» холдинг тобу» акционердик коому, бул — казакстандык инвестициялык топ. Казакстан, Россия, Кыргызстан жана Грузияда банк кызматтарын көрсөтүү менен алектенет. Ошондой эле Казакстандын аймагында камсыздандыруу кызматтарын көрсөтөт.

«АЛМЭКС» холдинг тобун» Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы менен кызы — Тимур Кулибаев жана Динара Кулибаева көзөмөлдөйт. Бул тууралуу «Forbes.kz» жазган.

«АЛМЭКС» холдинг тобунун» башкармалыгынын төрагасы — Үмүт Шаяхметова. Анын күйөөсү Шаяхметов Беймбет Шайсултанович — Казакстандын «КазМунайГаз» улуттук компаниясы» акционердик коомуна караштуу «KMG International N.V.» компаниясынын башкы директору.

Ал эми «Оптима банк» казакстандык «Жусан Банктын» активдеринин бири. Буга чейин «Оптима Банктын» негизги акционери болуп «АТФ Банк» саналчу. Ал 97,14% уставдык капиталга ээ болчу.

2020-жылы 30-декабрда Казакстан менен Кыргызстандын тиешелүү органдарынын уруксаты менен «Жусан Банк» «АТФ Банктын» 99,76% акциясын сатып алган.

Бүгүнкү күндө «Жусан Банк» Казакстандын 22 аймагында кызмат көрсөтөт жана ал жакта 119 филиалы бар.

«Жусан Банк» «First Heartland Jusan Bank» («JUSAN BANK», «JUSAN INVEST», «JUSAN GARANT», «JUSAN MOBILE», «JUSAN Дүкөн») экосистемасына кирет.

2019-жылы февралда «Назарбаев университети», «Назарбаев интеллектуалдык мектептер» жана «Назарбаев фонду» билим берүү автономдук уюмдар тобунун каржы холдинг компаниясынын инвестициялык бөлүмү болуп саналган «First Heartland Securities» акционердик коому «Цеснабанктын» 99,5% жөнөкөй акциясын сатып алган.

2019-жылы 29-апрелде «Цеснабанктын» аталышы «First Heartland Jýsan Bank», башкача айтканда «Жусан Банк» деп өзгөртүлгөн.

«Жусан Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы — Шигео Катсу. Ал 2010-жылдын декабрь айынан бери «Назарбаев университеттин» президенти кызматын да аркалайт. Ошондой эле «Назарбаев интеллектуалдык мектептердин» камкорчулар кеңешинин төрагасы, «Назарбаев фонддун» камкорчулар кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости