www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өнөктүгү расмий түрдө башталып, 467 талапкер эл өкүлү болуу үчүн күрөшкө аттанды. Өнөктүк башталары менен эле социалдык тармактар талапкерлердин сүрөттөрү, ураандары жана өзүн таанытуу аракеттери менен башталды.

Биринчи байкоодо эле талапкерлердин стили ар түрдүү экени байкалат. Кээ бирлери жөн гана сандарды жана лозунгдарды баса белгилөө менен чектелсе, башкалары сүрөттөрү аркылуу байлыгын же ийгилик символун көрсөтүүгө аракет кылышкан. Кээ бирлери өзүн ишенимдүү, жада калса эл тагдырын чече турган инсан катары көрсөтүүгө умтулган.

Бирок бир суроо жаралат. Бул талапкерлердин канчасы чыныгы реформатор, канчасы консерватор, канчасы эски саясаттын саркындылары?

Кызыгы, соцтармактан байкасак азыркы тапта талапкерлердин көбү өздөрүн “жаңы муун”, “өзгөрүүнүн жаңы жүзү” катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен алардын көбүнүн шайлоо программалары же саясий платформалары коомчулукка азырынча толук тааныш эмес. Ураандары болсо өткөн кылымдагы “кайра куруу” доорун эске салган жалпысынан декларативдүү мүнөздө болсо, азыркы заманга ылайык  соцтармакта тарапташары талапкерлерин айга-күнгө теңегендер...

Тилекке каршы, мындай көрүнүш кыргыз саясий маданиятындагы салттуу тенденцияны дагы бир жолу айгинелесе, шайлоо өнөктүгү көп учурда идеялардын эмес, сүрөттөрдүн жана ураандардын мелдешине айланып калганы өкүнүчтүү.  

Баса, бул ирет тартип маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. ИИМ жана УКМК шайлоо маалында мыйзам бузууларды алдын алуу максатында 18 күндүк активдүү мониторинг жүргүзө баштайт. Бирок бул чаралар саясий атаандаштыктагы теңсиздикти же административдик ресурстун колдонулушун толугу менен жоё алабы — бул дагы суроо бойдон турат.

Жыйынтыгында, алдыда турган шайлоо — Кыргызстан коомунун саясий жетилүүсүн дагы бир жолу сыноодон өткөрөт. Коом бул жолу дагы эмоцияга алдырбай, талапкерлердин реалдуу программасына жана иш жүзүндөгү аракетине баа бере алабы же мурдагыдай популизмге ишенип, “жаңы аттардын” эски сценарийине туш болобу — муну убакыт көрсөтөт.

Күтө туралы! 

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews

Последние новости