www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы оппозициялык маанайда жүргөн партиялардын катарында "Туран" партиясы да бар. Карапайым калың калк үчүн атынан жана кызыл түсүнөн башка учурда бул партия боюнча башка кабары деле жок болсо керек. Бирок, тереңирээк карап көрсөк анын кызыктуу тараптары бар. 

Мисалы, кылдаттык менен карасак, түптөлгөн "Туран" партиясынын колдонгон партиянын символикасы, Түркиялык ультра оңчул улутчул радикалисттердин – "Бозкурт" пантюркисттердин – жарым ай менен карышкырдын символикасын колдонулган. Ал эми ультра улутчул радикал "Бозкурт"деги кимдер? - деген суроо жаралбай койбойт.

Алгач "Бозкурт" бул б.а., "Боз карышкырлар" Альпарслан Түркеш тарабынан 1969-жылы Түркештин өзү жетектеген улутчул кыймыл партиясынын аскерлештирилген жаштар кыймылы катары коммунисттик коркунучка каршы туруу жана солчул коммунисттик топторго каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. НАТО менен байланышы жөнүндө маалыматтар да бар, бирок террордук акцияларды жасоосу талаштуу маселе.

Бозкурттардын максаты - бардык түрк элдеринин бир мамлекетке, Балкандан баштап Беринг кысыгына чейинки Улуу Туранга биригишине жетишүү. 20-кылымдын эң белгилүү улутчулдары немисттин фашистериндей "Боз карышкырлардын" мүчөлөрү жогорку раса деп эсептеген түрк улутуна өзгөчө маани берилген теориясы да жок эмес. Ислам ошондой эле, уюмдун идеологиялык түркүктөрүнүн бири: "Ислам биздин жаныбыз, Түркия биздин денебиз" деп ураандашат.

Символ - боз карышкыр түрк мифологиясынан алынган, анда карышкыр түрк элдеринин куткаруучусу болгон душмандарды жеңүүнүн символу катары көрсөтүлөт. Уламыштардын бири боюнча, аскердик жеңилүүдөн кийин бир нече аман калгандар Эргенекон өрөөнүндө баш калкалашкан. Көп өтпөй калктын саны кыйла көбөйүп, жаңы аймактарды издөө зарылдыгы пайда болду. Боз карышкыр адамдарды өрөөндөн түшүмдүү жерлерге алып чыгып, аларды сактап калды.

Аларга Өзбекстанда, Казакстанда жана Азербайжанда тыюу салынган, Кыргызстанда мындай уюм катары "боз карышкырлар" мыйзамдуу түрдө жок болгону менен, ал башка аталыштар менен иштеши толук ыктымал.

Кыргызстандын саясий мейкиндигинде жана "боз карышкырлардын" максаттарына таасир этүү үчүн саясий уюм-түзүмдөрүнө активдүү кирүүсү уюмдун ишинин максаттуу багыттарынын бири. 

Бул контекстке абдан ылайыктуу болуп "Туран" партиясы жакындаганы ачык көрүнүп турат. Алардын да туусу, белгиси так Бозкурттардыкындай, эч айрымаса жок, кокустук деле болбосо керек, өзгөчө кыргыз "Туран" партиясынын жетекчисин эске алганда. 

Жыйынтыктап айтканда, "Туран партиясы" менен Бозкурттун түздөн-түз байланышы бар деп айтуу далилсиз кыйыныраак, бирок Турандын Бозкурттан колдоо издөөсү, тагыраагы каржы күтүү-үмүттөнүүсү ачык эле көрүнүп турат. 

Демек, бул туранчылардын убактылуу каржы табуу максаты, же болбосо чыныгы бозкурттардын миңдеген долбоорлорунун бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости