www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Эмгек министрлиги аркылуу 300 медайым адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга кетет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Германиянын элчиси Габриэла Геллил менен жолугушууда билдирди.
Жыйында Германия өкмөтүнүн атынан Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан «Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында 11 миллион сомдук IT жабдыктары тапшырылды.
Бул жабдуулар эмгек рыногунун маалыматтык системасын кеңейтүү жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн региондук ишке орноштуруу кызматтарына жөнөтүлөт.
Шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары 300дөн ашык IT жабдууларды, анын ичинде видеоконференция системаларын, ноутбук, принтер, чоң экран, оргтехникаларды алышат.
Булак: NazarNews.kg