www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Кыргызстандан мунай жана мунай продуктыларын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү өзгөрттү. Эми бензин, дизель майы жана башка мунай продуктыларын автоунаа жана темир жол аркылуу өлкөдөн чыгарууга тыюу ички рынок толук камсыз болгонго же ЕАЭБдин бирдиктүү мунай рыногу ишке киргенге чейин күчүндө болот.

Чектөө нафта, мазут жана меш отунуна тиешелүү эмес. Аларды чет өлкөдө кайра иштетүү үчүн Министрлер кабинетинин өзүнчө чечими менен чыгарып, даяр продукцияны кайра Кыргызстанга алып келүү шарты каралган.

Өкмөт ошондой эле мунайдын жана айрым мунай продуктыларынын түрлөрүн автоунаа аркылуу импорттоого берилген өзгөчө уруксатты 2027-жылдын 1-апрелине чейин узартты.

Бул чечим өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички рыноктогу бааларды туруктуу кармоо максатында кабыл алынганы белгиленди.

Последние новости