www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан чыгып кеткен Дөөлөт Сыдыков Москвада “Манас” эпосун айтат. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Манасчы» иш-чаранын плакатын жарыялады.

Маалым болгондой, ат оюндары Москва облусунун Дмитриев районунда 24-июлда өтүп, анда Дөөлөт Сыдыков Манас айтат. Кирүү акысыз.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинин директору болуп туруп, президенттик аппаратты жана Садыр Жапаровдун айланасындагыларды сынга алган. Ал белгилегендей, мамлекет башчынын администрациясынын жаңы имаратында иштеп жаткан куруучулар тосмону мыйзамсыз бузуп, комплекстин аймагынын бир бөлүгүн басып алышкан. Андан кийин ал кызматтан алынганын жарыялап, бийлик тарабынан кысым болуп жатканын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости