www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-орус аймактар аралык тогузунчу конференциясынын пленардык жыйынында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы импорт-экспорт тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынан Орусия Федерациясына болгон экспорттун негизги үлүшүн жеңил жана текстиль өнөр жайынын продукциялары (кийим, бут кийим, башка текстиль буюмдары, пахта буласы), жашылча-жемиштер, жаңгактар, сүт азыктары, булгаары буюмдары, кара жана түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары, электр лампалары, автотранспорттун запастык бөлүктөрү, нефть продуктылары (автокеросин) жана башкалар түзөт.
"Ал эми Орусия Кыргызстанга отун-энергетикалык ресурстар (нефть продуктылары, жаратылыш газы), тамак-аш азыктары жана айыл чарба сырьесу, химиялык өнөр жай продукциясы, кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар, жыгач жана целлюлоза-кагаз буюмдары, машиналар, жабдуулар жана транспорт каражаттары, алардын тетиктери, текстиль жана бут кийимдер ж.б импорттолот", – деп белгиледи министр.
Данияр Амангелдиев биздин өлкө энергетика, өнөр жай жана инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар сыяктуу тармактарда дүйнөлүк лидер болуп саналган алдыңкы орусиялык компаниялар менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.
Булак: NazarNews.kg