www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан коңшу Казакстанга ири суммадагы акча каражатын алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек арачылар “Ак-Жол-автожол” бекетинен Кыргызстандын 1994-жылы туулган Ж.Н., аттуу жаранын кармашкан. Анын сумкасынан чет элдик валюта – болжол менен 147 млн казак теңгеси табылган. Ал акча каражаттарын коштоочу документтери жок чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн аймактык компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Булак: NazarNews.kg