www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министрлиги Өкмөттүн токтому менен өлкөдөн пиязды экспорттоого коюлган чектөө алынганын билдирди.
Эске салсак, январь айында бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө пияздын баасы кескин көтөрүлгөн. Мындан улам Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан пиязды сыртка экспорттоого үч айга тыюу салган.
Ошондон соң, айрым алып-сатар кызыл кулак соодагерлердин кампасында 30 миң тоннадан ашык пияз сакталып турганы маалым болгон.
Мындан улам, соодагерлер Кыргызстандын керектөөсү болгону 5 миң тонна болоорун, экспортко уруксаат берилбесе кампалардагы пияздар чирип, жараксыз болуп банкрот болушаарын айтышып, чектөөнү алып салууну суранышкан эле.
Карапайым калк алып-сатар кызыл кулактар пиязды кампалардан чыгарбай, атайын бааны жасалма көтөрүп жиберген алкы, ниети бузук экендиктерине нааразы болушкан.
Булак: NazarNews.kg