www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 8 дарыгери жилик чучугун алмаштыруу технологиясын өздөштүрүү үчүн Түркиянын "Инөнү" университетинде барышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде дарыгерлер, лаборанттар жана медайымдар бар.
Дарыгерлер тобу "Инөнү" университетинин клиникасында окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. Бул университеттик клиника чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоо операцияларын жасайт.
"Түрк клиникасынын жетекчилиги бизди абдан жылуу тосуп алды. Малатьядагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык командасы кийин мекенибизде колдонуу үчүн жетишерлик билим алып келишет деп үмүттөнөбүз. Президентибиздин көрсөтмөсү менен бул долбоорду баштап, бизди ушундай керектүү окууга жиберген министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевге онкологмдарыгерлер терең ыраазычылыктарын билдиришет", - деп бөлүштү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.
Эскерте кетсек, кызматташуу келишими саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 2024-жылдын 11-12-январында Түркияга болгон иш сапарынын алкагында түзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg