www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык адис Павел Лузанов АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта иш алып барууда.
Ал АКШнын Сиэтл шаарындагы Lumen Field стадионунда беттештердин директору болуп дайындалды.
Бул кызматта ал оюндардын жогорку деңгээлде уюштурулушуна жооп берип, командалар, калыстар жана расмий өкүлдөр менен тыгыз иш алып барат. Ошондой эле беттештердин белгиленген регламентке ылайык өз убагында башталышын көзөмөлдөйт.
Маалыматка ылайык, аталган стадиондо жалпы алты оюн өткөрүлөт. Алардын ичинде 15-июндагы Бельгия – Израиль беттеши, 17 жана 21-июндагы тайпалык этаптагы оюндар, 19-июнда АКШ курама командасы катышкан беттеш, ошондой эле 30-июнь жана 1-июлда өтө турган 1/8 финалдык плей-офф оюндары бар.
Эске салсак, Павел Лузанов буга чейин 2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында жети беттеште иш алып барган.
Мындай эл аралык ири турнирге дайындалуу ФИФА тарабынан көрсөтүлгөн ишенимди жана адистин жогорку кесипкөйлүгүн тастыктайт.
Лузановдун дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердеги иши Кыргызстандын футбол адистеринин эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга салым кошуп келет.