www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык бийчилер эл аралык турнирде жеңишке жетишти

Кыргызстандык бийчилер Москва шаарында өткөн «Мегаполис Кубогу — 2024» жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнирде жеништерге жетишти. Бул тууралуу Бий федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Мегаполис Кубогу — 2024» жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнир турнир ушул жылдын 7-8-июнунда Россиянын Москва шаарында өттү. Анда Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын бийчилери эң сонун жыйынтыктарды көрсөтүштү.

“Мегаполис Кубогу — 2024” эл аралык турниринин жыйынтыгы:

— бийчи жуптар Дмитрий Блинков жана Мамбетова Асал Жаштар + Чоңдор категориясында А классына чейин латина бийи боюнча — 1-орунду ээлеп, алтын медалга татышты;

— бийчи жуптар Алихан Бердиев менен Румия Камалидинова өспүрүмдөр латын классына чейинки категорияда 2-орунга ээ болушту;

— спорттук бийчилердин жуптары Гусев Андрей жана Жеңишбекова Мээрим Жаштар + Чоңдор категориясында С класска чейин латина бийинде 2-орун, Жаштар + категориясында 1-орунду ээлешти;

— спорттук бийчилердин жуптары, Жеңишбеков Байжигит жана Дарья Зайцева жуптары Жаштар + Чоңдор категориясында С класска чейин Латина, Жаштар + Чоңдор категориясында В класска чейин Латина 1-орунга ээ болушту.

— бийчи спортчулардын жуптары, Аарон Ратинов жана Анжелика Ратинов жуптары Жаштар + Чоңдор категориясында С класс стандартына чейин 2-орунду ээлешти.

Спортчулар Кыргызстандын Бий спорт федерациясынын “AlexiS”, “Sofia”, “Dance Elite”, “Мария” бий спорт клубдарынын өкүлдөрү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости