www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук хирургиялык борбордун адистеринен турган бригада бүгүн Түркияга учуп кетти. Алар боорду алмаштыруу боюнча операция жасоого практикадан өтүп, билим алышарын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул нерсе Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашууда. Документке Алымкадыр Бейшеналиевдин сапарынан кийин кол коюлган.

"13 адистен турган бригада түзүлгөн. Алардын арасында хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгерлери, лаборант, медайымдар бар. Биздин адистер Инөнү университетинде акысыз билим алышат. Ошондой эле окуу учурунда тамак-аш жана жатакана менен камсыздалышат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин академик Мамбет Мамакеев адистер менен жолугуп алардын алдында чоң жоопкерчилик турганын айтуу менен ийгилик каалаган.

"Кыргызстанда көп убакыттан бери боор алмаштыруу боюнча операция жасоо пландалып келген. Кыргыз хирургдарынын боор алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операциясын көрөм деп абдан үмүттөнөм", — деген академик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости