www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кооперациялык долбоорлорду колдоого 1,8 миллиард рублге чукул акча бөлүнгөн. Бул каражат кредиттин пайыздык төлөмүнүн жүгүн жеңилдетүүгө каралмакчы.

ЕЭКтин өнөр жай, агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Кыргызстандык ишкерлерди ЕАЭБдеги жеңилдик долбооруна катышууга чакырды.

ЕЭКтин маалымат кызматы анын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен жолукканын жазды.

"ЕЭК министри Кыргызстандын ишкерлерин финансылык колдоо механизмин колдонуу менен өнөр жай кооперациясынын долбоорлоруна активдүү катышууга чакырды", — деп айтылган анда.

Бул механизм компаниялардын банктардан алган насыяларынын пайыздарын каржылоо үчүн колдонулат. Аталган механизмдин алкагында эсептик коюмдун 100 пайызына чейин компенсацияланары айтылды. Мында карыз алуучулар үчүн эң көп дегенде коюм 6,5 пайыздан ашпашы керек. Башкача айтканда, пайыздардын бир бөлүгү субсидияланат. Кооперациялык долбоорлорду колдоого 1,8 миллиард рублге чукул акча бөлүнгөн. Муну менен катар эле бир долбоорго 350 миллионго чейин каралат, ал эми эң көпкө созулган мөөнөт беш жылдан ашпашы керек.

Долбоорго ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен үчтөн кем эмес өнөктөш тартылышы керектигин белгилешкен.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости