www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык окуучу эл аралык сынактын суперфиналына чыкты

Кыргызстандык окуучу Айтурган Рысбекова "Живая классика" жаш окурмандар эл аралык сынагынын суперфиналына өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суперфиналга Кыргызстан, Беларусь, Америка Кошмо Штаттары, Түркмөнстан жана Нидерланддан 5 окуучу өткөн. Сынактын суперфиналы 2024-жылдын 8-июнунда Москва шаарында өтөт.

Эл аралык сынактын финалына Кыргыстандагы Улуттук баскычтын төмөндөгү жеңүүчүлөрү катышкан:

– Санира Мурзабекова, Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окучусу;

– Бегимай Адылбекова, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окучусу;

– Айтурган Рысбекова, Бакай-Ата районунун Д.Дүйшебаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

– Узар Ишенов, Жети-Өгүз районунун Б.Укуев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости