www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO-2026) ачык эл аралык олимпиадасында 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Аталган олимпиада 2026-жылдын 15–22-май күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы «Сириус» билим берүү борборунун базасында өтүп, интеллектуалдык мелдешке дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 100дөн ашуун жаш биолог катышты.
Кыргызстандын курама командасы олимпиадага алты окуучу менен катышып, жеке эсепте 1 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.
Алар:
- Дмитрий Рубан, «Сейтек» STEM мектебинин 11-классынын окуучусу — алтын медаль;
- Нурсултан Увалиев, «Сейтек» STEM мектебинин 12-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Улукбек Русланбеков, «Сейтек» STEM мектебинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Атахан Исираев, «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Анатай Нурланов, Е.Б. Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектебинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Эржан Асанов, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу — коло медаль.
Мындан тышкары, Кыргызстандын курама командасы топтук (проекттик) Project Round этабында алтын медалга ээ болду.
Министрлик курама команданын жетекчиси жана машыктыруучусу Асхатбек Темиркулов экенин билдирди.