www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвиялык чек арачыга пара берүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранына Латвиянын прокуратурасы 5 миң евро айып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, 5-майда Силенский чек ара бекетинде чек арачылар техникалык кароодон өтпөгөн унаа менен Латвияга кирүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын аныкташкан. Чек арадан тоскоолдуксуз өтүү үчүн айдоочу чек арачыларга 100 евро сунуштаган.

63 жаштагы кыргызстандыкка пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Эми ал айып пул төлөшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости