www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандарын АКШ жана Европа өлкөлөрүнө жумушка орноштурам деп алдап кеткен "Грин Лайт Компани" компаниясынын директору кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган компаниянын жетекчиси 36 жаштагы А.Н. чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок туруп 40 кишиден акча алган. Анын ичинде жаш балдар дагы болгон.

"Кыргызстандыктарды чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдовага жеткиришкен. Бул жаран чет элдиктер менен келишим түзүп алып мекендештерди Молдовада 5 айдан ашык кармаган. Аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ, Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган. Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары кыргыз жарандарына кылмыш ишин козгоп, андан соң депортациялаган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча 31 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 20 миллион сомго жакын зыян келтирилгени белгиленди. Иш сотко жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости