www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тюмень мамлекеттик университети студенттерди бакалавриат программасы боюнча билим алууга чакырат. Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору маалымдагандай, кабыл алынган студенттер Келечектүү изилдөөчүлөр мектебинде окушат.

Маалыматта аталган мектепте 13 өлкөдөн келген профессорлор окутуп, билим берүү англис жана орус тилдеринде жүрөрү айтылат. Багытты жана даярдоо профилин тандоо 2-курстан кийин болот.

"Студенттер курстардын арасынан каалаганын тандап катыша алышат. Окуунун 80 пайызы 20га чейинки студенттерден түзүлгөн интерактивдүү тайпаларда өтүп, чет өлкөлөрдөн барган студенттерге жатакана берилет", — деп жазылган кабарда.

Студенттер 2-курстан кийин экономика, социология, информатика, искусство, гуманитардык билим алуу багыттары, медиабайланыш, эл аралык мамилелер жана философия факультеттерин тандай алышат. Бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.

Тюмень мамлекеттик университетинен билим алууну каалагандар кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу таанышса болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости