www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда Кыргызстандын 78 миң жараны бул өлкөнүн аймагында жүрүү мөөнөтүн мыйзамдаштырууга тийиш. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Байбосов «Биринчи радионун» эфиринде мыйзамсыз мигранттардын саны кыскарып жатканын билдирди. Кыргызстандын жарандарында Россияда жүрүү мөөнөтүн өлкөдөн чыкпай туруп 30- апрелге чейин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бул эмгектенген жарандарга тиешелүү. Алар эмгек келишимин түзө алышат. «Иштебеген жарандарга келсек... Мисалы, үй-бүлөдө атасы гана иштесе, алар эмгек келишимин ала алышпайт. Мындай учурда Россиянын чегинен тышкары чыгып, Кыргызстанга кайтышы керек. 90 күн күтүп, андан кийин иштеген тууганы менен кайра Россияга кирүүгө болот», - деп түшүндүрдү Байбосов.

Булак: "barakelde.org"

Последние новости