www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген. Анын айтымында, түзөтүүлөр ири жана орто пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык изилдөөгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Тагыраагы, эл өкүлү 2022-жылы Кыргызстандын алтын кендеринен казылган алтындын 30 пайызы Кыргызстанга калтыруу боюнча мыйзам күчүнө киргенин эске салып, ал эми буга чейин берилип калган лицензиялар боюнча маселени чечүү үчүн каралып жаткан мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты.

“Маалым болгондой, мыйзамдын артка күчү жок. Ага ылайык, тиешелүү мыйзамдарды төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толуктоо сунушталууда: “жер казынасын пайдалануучулар ыктыярдуу, акысыз негизде Министрлер кабинети менен макулдашуу боюнча катышуу үлүшүн мамлекетке алтындын, күмүштүн, көмүрдүн ири жана орто кендерин иштетүү менен алектенген юридикалык жакка өткөзүп бере алышат”, - деди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.k

Последние новости