www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эл аралык алтын-валюта резервдеринин көлөмү 2026-жылдын 15-майына карата 9 миллиард 82 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери резервдер 478,9 миллион долларга же 5,6 пайызга өскөн.

Кызыгы, Улуттук банк 2026-жылдын январь айынын башында алтын-валюта резервдери тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч — 10 миллиард 177,18 миллион долларга жеткенин билдирген. 2026-жылдын 29-январына карата алар 10 миллиард 39,5 миллион долларды түзгөн. 2025-жылдын январь айы менен салыштырганда (анда көрсөткүч 5 миллиард 190,86 миллион доллар болчу), резервдер дээрлик эки эсе көбөйгөн. Бирок берилген инфографикада бул рекорд эмнегедир көрсөтүлгөн эмес.

Апрель айынын аягындагы маалымат боюнча, өлкөнүн эл аралык резервдери 8 миллиард 637,7 миллион долларды гана түзгөн. Үч айдын ичинде алар 1,54 миллиард долларга кыскарган. Мунун себеби ички рынокто 893,45 миллион доллар көлөмүндө валюта сатылганы жана резервдердин курамына кирген алтындын дүйнөлүк баалары менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, 2025-жылы алтындын баасы рекорддорду жаңыртып, жылдын аягына карата унциясы 4 миң 530,6 долларга жеткен. Январда анын баасы унциясына 5,3 миң долларга чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле олуттуу төмөндөөлөр да болгон. Азыр алтындын баасы 4 миң 680ден 4 миң 705 долларга чейинки аралыкта өзгөрүп турат.

Последние новости