www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын байге куржунунда 14 медаль бар

Бишкекте спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.
Мелдештер 11-16-апрель аралыгында “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өттү.
 

Ага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан.
 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алды.
Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.

Байгелүү орундарды багындырган эркин күрөшчүлөр:
 Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) — алтын
 Айаал Лазарев (125 кг) — күмүш
 Алибек Осмонов (70 кг) — коло
 жана Улукбек Жолдошбеков (65 кг) — коло медаль.
Жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп кыргыз балбандары 3-орунду ээледи.
Кыз-келиндер күрөшү:
 Айсулуу Тыныбекова (62 кг) — алтын
 Айпери Медет кызы (76 кг) — алтын
 Арууке Кадырбек кызы (55 кг) — коло
 Гүлнура Таштанбекова (68 кг) — коло медаль.
Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы 5-орунду ээледи.
Грек-рим күрөшү:
 Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — алтын
 Акжол Махмудов (77 кг) — күмүш
 Раззак Бейшекеев (67 кг) — күмүш
 Бекзат Орункул уулу (82 кг) — коло
 Улан Муратбек уулу (55 кг) — коло
 Эрлан Манатбеков (130 кг) — коло медаль тагынды.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама жалпы командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, Азия чемпионатын өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости