www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайга болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын ишкерлеринен турган делегация Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин жетекчилиги алдында Шанхай шаарындагы Shanghai Onte Lingkun Technology Group Co., Ltd. компаниясына барды.

Компания жогорку технологиялык продукцияларды өндүрүүгө багытталган интеллектуалдык өнөр жай паркын түзүү долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун биринчи этабы болжол менен 10 миң чарчы метр аянтты камтыйт. Инвестициялардын жалпы көлөмү 40 млн юаньга жакын.

Кыргызстандык ишкерлер ишкананын заманбап өндүрүш технологиялары менен таанышып, тажрыйба алмашуу, кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Темир Сариев Кытай менен кызматташууда соода алакаларынан терең өндүрүштүк кооперацияга өтүү, Кыргызстанга жаңы технологияларды жана инвестицияларды тартуу, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, иш сапар Соода-өнөр жай палатасынын Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүү демилгесин илгерилетүү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында улантылды.

 

Последние новости