www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинде шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү маселелерине арналган көчмө жыйын өттү. Жыйынга шаардык кеңештин төрагасынын милдеттерин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов төрагалык кылып, «Жаңы күч» фракциясынын депутаты Айдар Суракматов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуранын абалын жакшыртуу жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча бир катар маселелер каралды.
Атап айтканда, Овощная көчөсүнүн аталышын өзгөртүү, Кызыл-Аскер, Республиканская жана Брянская көчөлөрүндөгү суу түтүктөрүн алмаштыруу, Кара-Балта көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар, Скандинавский көчөсүндөгү жолду оңдоо жана бак-дарактарды санитардык бутоо маселелери талкууланды.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын, №203 муниципалдык аймактык башкармалыгынын, «Бишкексууканал» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын, ошондой эле мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу шаардык кызматтарга көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү тартипте карап чыгып, өз компетенцияларынын алкагында зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.