www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында Соң-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган иштер уланууда.

«Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоорунун алкагында Соң-Көл корук участогунун Батай-Арал аймагына суулуу-саздак жерлерди мекендеген жапайы канаттууларды байкоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн атайын кароо курулмасы орнотулду.

Бийиктиги 7 метр болгон темир конструкция канаттууларга жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбестен байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле атайын дүрбү менен көлгө келген эс алуучулар канаттууларды табигый чөйрөсүндө, аларга жакындабай байкай алышат.

Соң-Көл Борбордук Азиядагы маанилүү суу-саздак аймактардын бири болуп саналат. Көл жана анын жээк тилкелери өрдөктөр, мойноктор, чулдуктар жана башка суу жээгинде жашаган жапайы канаттуулардын маанилүү жашоо чөйрөсү болуп эсептелет.

Жаңы кароо курулмасы жаратылышты коргоо, илимий мониторинг жүргүзүү жана экологиялык агартуу иштерин айкалыштырууга багытталган. Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо, жапайы жаныбарларга тынч шарт түзүү жана экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Последние новости