www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында инвестициялык долбоорлор үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди берүү тартибине өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, мыйзам долбоору инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жер участокторун берүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана инвесторлордун милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылууга багытталган.

Долбоорго ылайык, жер участогу алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Зарыл болгон учурда мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Ал эми инвестор инвестициялык келишимдеги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди мындан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Талкуу учурунда депутаттар мыйзам долбоорунун бир катар жоболору боюнча суроолорун беришти.
Депутат Эркеайым Сейтказиева сунушталган өзгөртүүлөр муниципалдык менчикке байланыштуу мыйзамдарга каршы келиши мүмкүн экенин белгилеп, тиешелүү сунуштарын билдирди.

Алишер Козуев мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуунун жүрүшүнө кызыкты. Беназир Нурланова долбоор атайын порталга жарыяланганын, бирок коомчулуктан сунуш түшпөгөнүн билдирди.

Махабат Мавлянова өзгөртүүлөр ири компанияларды гана эмес, жергиликтүү ишкерлерди да колдоого багытталышы керектигин белгиледи.

Алтынкуль Мурзакимова инвестор жерди өздөштүрбөй калган учурда аны кайтарып алуу тартиби кандай болорун сурады. Министрдин орун басары мындай жол-жоболор инвестициялык келишимде так көрсөтүлөрүн айтты.

Ошондой эле депутаттар мыйзам долбоорундагы мөөнөттөрдү тактоо жана жер маселесинде жергиликтүү ишкерлерге да жеңилдиктерди карап чыгуу боюнча сунуштарын беришти.

Комитеттин төрагасы Кубанычбек Самаков мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатканын белгилеп, документ боюнча депутаттардын суроолоруна так жана жүйөлүү жооптор берилиши зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында комитет айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду.

Последние новости