www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү өткөн жылдын январь-декабрында 15,7 миллиард долларды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода жүгүртүү 29,9 пайызга көбөйгөн. Мында экспорттун көлөмү 46,8 пайызга, импорт 26 пайызга өскөн.

Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 миллиард долларга (8,7 пайызга төмөндөдү) жеткен. Жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,3 пайыз) туура келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости