www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарыхта кимдер империя түзүп дүйнөнүн кайсы бөлүгүн ээлебеди. Ааламды титиретип турган Рим империясы, Чыңгызхандын империясы тарыхта калган. Эмнегедир ошол кездеги ааламдын чоң бөлүгүн ээлеп турган Улуу кыргыз империясы тууралуу сөз эми козголо баштады. Аянты жагынан азыркы Европага тете жерди ээлеп турган Кыргыз империясынын башаты Кытайга улуу сепилдерди курууга аргасыз кылган. Империяны жарым миң жылдай 500-чү жылдан 1000-чи жылга чейин сактап турушкан. Эске салсак улуу империя СССР жетимиш жыл гана жашаган. Чыңгызхан империя түзөр алдында кыргыз державасынан үлгү алган. Ал кыргыздарды багынтып келүү үчүн уулу Жоочуну жөнөткөн. Жоочу кыргыздарга тартуу тартуулап барып ансыз деле бүлүнүп-чабылып турган кыргыздар Чыңгызхан менен бирге аттанууга макулдугун берген. Кыргыздар Чыңгызхандын дүйнөнү бийлөө үчүн согушунда алдыңкы саптарда жүргөн. Ошол үчүн орус, украин байыркы лексиконунда кыргыз сөздөрү басымдуу кылат. Чыңгызхандын тапканынын 20 пайызын салыкка төлөө, почта бекеттери ушул мезгилге чейин колдонулат. Чыңгызхандын аймагы өтө чоң болчу ошол үчүн кабарларды ат менен чаптырып кийинки бекеттерге чейин жеткирчү, ал жерден башка ат минип жолун улантчу.
Чыңгызхандын Төлө деген уулунан небереси Хубилай Мөңкөдөн кийин хан болгон соң бүткүл Кытайды баш ийдирип Бээжинди борбор кылат. Кийин анын тукумдары кытайлашып кеткен. Хубилай Кытай менен бирге Монголия, кыргыздарга көзөмөлдүк кылат. Эне-Сайлык кыргыздар баш ийбей койгондо кыргыз элин чаап кырат, ансыз деле кылыч чаба турган эркектери Жоочу менен Европага кеткен кыргыздар туруштук бере алышпай бөлүндү болот. Кээ бирин Хубилай Кытайга көчүрүп кетип, кытайлаштырат, кээ бири токойго кире качып ошол жакта калышат, кээ бири эски журту Ала-Тоого көчүп келүүгө аргасыз болушат. Ала-Тоого көчүп келген кыргыздарга Долон бийдин небереси Тагай бий баш көз болуп хандык даражага жетет. Ал кезде бир гана Чыңгызхандын тукумдары хан болуп калышкан, кыргыздар гана 1500-жылдары Тагайга ак бооз бээ союшуп, ак кийизге көтөрүп хан кылышкан. Тагайдын Сарыбагыш деген баласынан Дөөлөс, Орозбакты. Орозбактыдан бугу уруусу тарайт. Дөөлөстөн Манап, анын атынан кыргыздын тың чыкмалары «манап» деген наам алышат. Манаптан Сүтөй, Сүтөйдөн Сүтүке, андан Сарысейит, андан Үчүке, Үчүке Жаңыл мырзанын колунан өлгөн соң калмактар каптап кыргыздар Анжианга сүрүлөт. Калмактарга каршы Үчүкенин уулу Маматкул чыгат. Андан Болот бий. 1758-жылы Кытайлыктар калмактарды түп тамырынан бери жок кылып Ала-Тоону көздөй жылат. Ошондо казак ханы Абылай менен Болоттун уулу Эсенкул алдынан тосуп чыккан экен. «Кытайлыктар кырса түгөнгүс кумурскадай жайнаган эл экен, сак болгула» -деп Эсенкул тукумдарына айтып кеткен.
Эсенкулдун небереси Ормон кыргыз урууларынын башын кошуп, Кытайдан, Бухара, Кокон жана казак хандарынан түзүлүп жаткан коркунучтарга туруштук берген. Эл менен тил табышканды билген Шаменди азыркыдай тышкы иштер министри катары пайдаланып, тынчтык келишимдерин түзүүгө айлансындагы кошуналарына элчи кылып жибере турган. Шамен тууралуу Эсенбай уулу Келдибек, Шамендин анын Молдокандын уулу Аалы көп нерселерди айтар эле. Шамендин эң биринчи кыргыз эли үчүн сиңирген эмгеги Ормонхандын убагында көз карандысыздыкты сактап, кошуналары менен тил табышып Кытай, Бухара эмиратына, Кокон хандыгына, казак ханына элчиликке барып турган. Бирок Абылайдын небереси Кененсары хан Орусиянын жылып келатканынан оолактап кыргыз жерин басып алууну көздөп, Талас,Чүйдү чаап келатканда Ормонхан колу менен келип таш-талканын чыгарып, Кененсары хан, иниси Ноорузбай экөө колго түшүп калат. Кыргыз мыктылары экиге бөлүнөт, бири аттап-тондоп, жарашып кетирүү болгон. Экинчиси көзүн тазалаш керек дешкен. Ошондо Шамен буларды сыйлап койдун башын тартып көргүлө дейт. Булар баштын көзүн чукуп ыргытып, кежигеси менен таноосунан, кулагынан бир кесип ооз тийбей таштап, башты жылдырып коюшкан. Ошондо Шамен: «Болбой калды, эгерде көзүбүз тирүү болсо кыргыздардын көзүн чукуп, кежигеси, кулагы менен таноосун тирүүлөй кесип жок кылабыз деп белги бергени» -дейт. Кенесарыны жок кылышат да башын Санкт-Петербургга жөнөтүшөт. Казак бийлиги ушул кезге чейин Петербургда сакталып турган Кенесарынын башын ала албай жүрөт.
Шамендин кыргыз элине жасаган эң чоң жакшылыгы Кыргызстандын чыгыш чек арасын азыркы абалга алып келген. Орустар Ала-Тоого жылганда Ормонхан өлүп, сарыбагыш-бугу чабышы болуп турган. Бугунун башчысы Боромбай орустарды колдоп алгыла деп кат жазып, орустар келип сарыбагышты сүрөт. Ошондо ортого Шамен түшүп Орус империясынын бул тарапка жылышы үчүн кедерги болуп жаткан Кененсары ханды сарыбагыштар талкалагын түшүндүрүп ымалага келет. Ормондун уулу Үмөталы сарыбагыштарды бөлүп Кытай тарапка бет алат. Кийин аны да Шамен ийге келтирип орустарга кошот. Орустар Ала-Тоого келген соң Кытай империясы менен чек араны тактоо үчүн бир топ жерлерде сүйлөшүүгө барат. Кытайлыктар дооматтарын коюп Нарын дарыясынан чек араны бөлүнүү талап кылат. Кыргыз дегенде кырынан жата калган Шамен буга көнбөйт, ал кытайлыктар менен чек араны тактап жаткан Колпаковскийге кыргыздын азыркы чек арасы менен чек араны бөлүш керектигин айтат. Колпаковский: “Кандай далил келтире аласыз?” –дейт. Кытай менен чек ара чечилбей жаткан орустар эки-үч жылда келип ушул маселеге чекит коюшмак. Ошондо Шамен: “Биздин ата-бабаларыбыздын эски журту ошол жакта калган, далил ушул” –дейт. Кыргыздар көчүп-конуп ошол тоолорго чейин барышчу, бирок киши үзүлгөндө сөөктөрүн ылдый түшүрүп коюшчу. Кыргыздар экологияны таза сактагандыктан эски журттарында эч кандай өлүмтүк, таштандыларды калтырган эмес. Эски журттарды издеп таап, жакын жерлерге эски –уску таштандыларды көмүш үчүн Эсенбай баштаган ишенимдүү адамдарын ошол жакка аттандырат. Алар Кыргыз-кытай чек араларына чейин барып эски журттарды таап эски сөөк-сактарды, таштандыларды көөмп, жигин билгизбей үстүлөрүн жаап-жашырып белги коюп кетишет. Бир-эки жылдан соң Колпаковский кытайлыктар чек араны тактаганы ошол жакка чейин барышып, кыргыз жигиттери Эсенбайлар кошо барышып эски журттарды, сөөк-сак, таштандыларды таап берген соң, кытайлыктар бул жак кыргыздын жерлери турбайбы деп моюндарына алышып, ошол жерлерден чек ара бөлүнсүн деп келишимдерге келишет.
Кытай империясынан бөлүнүп 1867-жылы түбү кыргыз Жакып-бек Чыгыш Түркестанда “Жети шаар” деген эмират түзөт. “Жети –Шаарга” азыркы Синцзянь- Уйгур автономиясынын бардык аймагы кирген. Бул мамлекетке Шамен аркылуу Орус империясы колдоо көрсөтүп турган, Шамендин Суламбы деген уулу Кашкарды орус империя тарабынан элчи катары болуп, Жакып-бектин эң таасирдүү адамына айланган. Бирок Англия менен Түркия Жакып-бекти куралдандырып орустарга каршы “газават” чакырып, Орус империясына бул мамлекетти карама-каршы койот. Жакып-бек Англиянын куралына таянып, элди ого бетер эзип, салыктарды көбөйтөт. Ошол убакта мусулман мамлекети эсептелген Чыгыш Түркестандагы “Жети шаар” мамлекетинен Шамен уулу Суламбынын алып кетет. Көп өтпөй Жакып-бектин көзү өтүп бийлик талаш башталат, орустардын жардамы менен “Жети шаар” мамлекети 1878-жылы кулайт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ