www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын бүтүшүн каалабайт жана деэскалацияны кечеңдетүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат, деп жазат Global Times. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«АКШ Орусия менен Украинанын тынчтыкта ​​жанаша жашашын каалабайт», - деп жазат авторлор.

Алардын пикири боюнча, муну Ак үйдүн Киев үчүн кандайдыр бир коопсуздук кепилдиги тууралуу айтууну каалабагандыгы далилдеп турат, анткени бул, Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү тездетет.

Басылма белгилегендей, Украина азыр Вашингтонго ого бетер көз каранды, ал курал-жарак жана башка аскердик жардам көрсөтүүнү улантууда.

Басылма ошондой эле Кытайдын Тышкы иштер университетинин профессору Ли Хайдонгдун сөздөрүн келтирип, АКШнын Украина боюнча саясатынан Европага көзөмөлдү күчөтүү жана Орусияны алсыздандыруу деген эки максатка жетүү аракетин көргөн.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости