www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Театр оюну көрүүчүдөн көз каранды

14 "Ethos" Анкара эл аралык театр фестивалы 17-31 мартта Анкара шаарында болуп өттү.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры түрк драматургу Тунджер Джуженоглунун "Бейтааныш" оюну менен катышты. Аны койгон режиссер - Шамиль Дыйканбаев.

Оюндун көрүүчүлөрү - Түркиядагы кыргыз элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Анкарада иштеген мекендештер жана жергиликтүү тургундар болду. Ойлогон оюңа абай сал, бир күн сенин амалыңа айланат. Жасаган амалыңа абай сал, бир күн сенин күнүмдүк адатыңа айланат деп Мевлана айткан экен.

Адам баласы руханий дүйнөсүндөгү бөксөсүн толтуруу үчүн театрды сүйөт бейм. Муну биз тоо курчоосунда жайгашкан Анкара шаарынын жамгырлуу кар күндөрүндө дагы театрга тынымсыз келген көрүүчүлөрдөн байкадык.

Профессионал режиссёр спектакль менен аудиторияны бириктирүү процессин жөнгө салып коёт окшобойбу. Көрүүчүнү тарбиялоодо чындыкты көз көрүнө тастыктаган спектаклди койсо, анда режиссёрдун утушу деп билели. Кудум ошого далил спектаклди көрө алдык. Андыктан көрүүчүлөрсүз-искусство, драматургсуз-спектакль жаралбайт!.. Жашасын Театр!

Динара Асылбекова

Анкара-Бишкек

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости