www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жозеф Байден 30дан ашык өлкө Вашингтондун демилгесин колдоп, мамлекеттик стратегиялык резервдеринен мунайды эл аралык рынокко чыгаруу боюнча чечимге кошулганын билдирди деп кабарлады РИА Новости.

Америкалык президенттин айтымына караганда, дүйнөлүк рынокко кошумча "он миллиондогон баррель" чыгат. "Дүйнөнүн ар башка бурчунан 30дан ашык өлкө Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин шашылыш отурумуна чогулуп, рынокко кошумча ондогон миллион баррель мунайды чыгарууга макул болду", — деген ал.

Байден аны менен катар дүйнөү мамлекеттери мындай жол менен "Орусиянын энергетикалык ресурстарын башка өлкөлөргө курал катары колдонуусуна" каршы турду деген пикирин айтты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости