www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын делегациясы Исламабад шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн (ШКУ АТТ) Кеңешинин 46-жыйынына катышты.

Жыйын 14-сентябрда Пакистандын төрагалыгы алдында өтүп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын делегациялары жана ШКУ АТТ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын делегациясын УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор Алишер Эрбаев жетектеди.

Жыйында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты координациялоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

2027-жылы терроризмге каршы биргелешкен маалыматтык операция, Интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча практикалык семинар жана антитеррордук окуу-машыгуу өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Мындан тышкары, Казакстанда терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 13-эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалды.

Жыйындын соңунда ШКУ АТТ Кеңешиндеги төрагалык Пакистандан Россияга өттү.

Последние новости