www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт боюнча тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

Азырынча кырсыкта каза болгондор менен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу тактала электиги айтылды.

"Жеринде өрт өчүрүү, адамдарды куткаруу иштери жүрүп жаткандыктан, жабыр тарткандар менен каза болгондордун өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлө элек. Ошол эле учурда элчиликтин консулдук бөлүмү бул маселе боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат", — деп билдирди элчилик.

Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуя теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө жеринде тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости