www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U 14) Өнүгүү Кубогуна даярданууда. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда 2009-жылдан улуу эмес оюнчулардан куралган курама команданын окуу-машыгуу жыйынындары өтүүдө. Машыгуулар Бишкекте 22нен 30-сентябрга чейин уланат. 

Башкы машыктыруучу Олег Холковскийдин жетекчилигиндеги команда Өнүгүү кубогуна Беларусияга барып, анда Россия, Беларусия жана Тажикстандын курамалары менен беттешет.

Дарбазачылар:

  • Бактыбеков Элмырза (Дордой)
  • Замирбеков Эльдар (Дордой)

Коргоочулар

  • Шадманалыев Чыңгыз (Дордой)
  • Калыбеков Дениз (Дордой)
  • Султанов Руслан (Абдыш-Ата)
  • Турдубаев Ызатбек (Сокулук)
  • Мырзабеков Алишер (Алга)
  • Абдыраев Мустафа (Илбирс)
  • Омурзаков Кадыр (Алга)
  • Грищенко Павел (Илбирс)
  • Шекербеков Эмирхан (Илбирс)

Жарым коргоочулар:

  • Березюк Александр (Абдыш-Ата)
  • Нурбеков Бекбол (Дордой)
  • Жолдубаев Амир (Дордой)
  • Ибрагимов Мухаммед (Баткен)
  • Сагынов Айвар (Дордой)
  • Таласбеков Эльдар (Илбирс)
  • Мелис уулу Марлис (Дордой)
  • Бейшенбиев Актан (Алга)

Чабуулчулар:

  • Нурланбеков Нур (Дордой)
  • Джумабаев Даниель (Алга)
  • Казаков Бекзат (Талас)
  • Ишенбаев Улукбек (Дордой)
  • Курманбаев Ислам (Абдыш-Ата)
  • Сульпиев Улукбек (Илбирс)
  • Жолочуев Байэл (Дордой)

Машыктыруучу штабы:

  • Холковский Олег - башкы машыктыруучу
  • Буглак Михаил - машыктыруучу
  • Геращенко Владислав - дарбазачылардын машыктыруучусу
  • Есин Максим - менеджер
  • Усен Садкеев - дарыгер
  • Мадиев Сардар - медиа-офицер

Машыгуу жыйынынын алкагында 2 контролдук оюн пландаштырылган.

Өнүгүү Кубогунун оюндары 2-октябрдан 9-октябрга чейин Минск шаарында (Беларусия) өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости