www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы дүйнө чемпионатында (U-20) төртүнчү жеңишине жетти.

Үчүнчү дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир Бишкек шаарында алты команданын катышуусунда өтүп жатат.

22-январда төртүнчү турдун беттешинде кыргызстандыктар Люксембург курамасы менен ойноп, 5:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш Кыргызстан курамасы үчүн катары менен төртүнчүсү болуп, турнирдик жадыбалда 1-орунду сактап калууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстандыктар акыркы турда Мексика курамасы менен ойнойт. Бул оюн 24-январда өтөт.

Последние новости