www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 9% өстү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде өлкө экономикасынын эки орундуу өсүшү тууралуу айтып берди.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукт (ИДП) 11%га өскөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы эки айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүш 9%ды түздү.

Премьер-министр белгилегендей, мындай өсүш реформалардын жүргүзүлүшү, инвестициялык климаттын жакшырышы, өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын курулушу, ошондой эле 270 миңден ашуун жаңы жумуш орундардын түзүлүшү менен камсыздалды.

«Биз жыл сайын кеминде 100 өндүрүштүк ишкананы куруу жана ишке киргизүү практикасын баштадык. Ар бир объект боюнча министрлердин жеке жоопкерчилиги көрүнүктүү жыйынтык берип жатат», — деп белгиледи Касымалиев.

Последние новости