www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыш аймагындагы оор кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Израилдеги Элчилигинде (Анкара шаарындагы резиденциясы), ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги Ардактуу консулунун кеңсесинде күнү-түнү Ыкчам штабдар иштеп жатат.
Күнү-түнү ишеним телефондор ачылып, Элчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги Элчиси Р.Казакбаевдин байланыштары күнү-түнү байланышуу үчүн социалдык тармактардагы жана мессенджерлердеги мекендештердин топторуна жөнөтүлдү.
Израилдин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын актуалдуу тизмеси түзүлүүдө. Маалыматтарга караганда, Израилдин аймагында Кыргызстандын 100гө жакын жараны бар. Азыркы учурда Израилдеги Кыргызстандын жарандарынан эвакуациялоо же аба соккуларынан жабыркагандар боюнча кайрылуулар болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Элчилиги Израилде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына сабырдуулукту жана күчөтүлгөн сактык чараларын сактоону сунуштайт.
Элчиликтин ишеним телефон номери: +90 545 689 6800, Кыргыз Республикасынын Израилдин Герцлия шаарындагы Ардактуу консулдугунун ишеним телефон номерлери: +972 533 214916 жана +972 54 442 6498