www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Аскер Сакыбаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугунун билдирүүсүн таратты. 

Билдирүүдө NEXT TV телеканалына байланыштуу акыркы окуялар камтылып, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди атайылап куугунтуктоо уланганы айтылат.

"Жогоруда айтылгандарга байланыштуу коомго жана мамлекетке маалымат жеткирүү боюнча кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырабыз! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган буйруктарды берген жана аткарган укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери жоопкерчиликке тартылсын!" - деп жазылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, NEXT TV телеканалына УКМК "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш ишин козгогонун 3-мартта билдирген. Андан көп өтпөй, аталган телеканалдын башкы директору Таалай Дүйшөнбиев кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна 48 саатка камалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости